Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Кош-Коргондогу көчөгө А.Төрөгуловдун ысымы ыйгарылды

Turmush -  Базар Коргон районунун Кош-Коргон айылындагы көчөгө эмгектин ардагери Акматбек Төрөгуловдун аты коюлду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, ал 1922-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында туулган. 1948-1955-жылдары аралыгында тоют топтоо мал чарбачылыгы боюнча бир топ жыл иштеген. 1967-жылдардан тартып азыркы Кош-Коргон айылында пахта өстүрүү боюнча бригадир болгон. Ошол учурда «Ардак белгиси» деген төш белги менен сыйланган.

Бул сыйлыкты алгандан кийин 7 жылга коюлган планды 113,7% аткарып, «Ленин» орденин белгисин алган. Пенсия жашына чейин үзүрлүү эмгектенип, өмүрүнүн акырына чейин айылдын ардактуу ардагери болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1514
Көп окулду
×