Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Массалык уулануу: Ноокен районунда 29 окуучу ууланып, ооруканага түштү фото)

Turmush -  Кечээ, 12-майда Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагына караштуу Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептин окуучулары массалык түрдө ууланып, Масы айылындагы аймактык ооруканасына түштү. Бүгүн, 13-майда белгисиз нерседен ууланган окуучулардын саны 29га жетти. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Анын айтымында, окуя болору менен Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын санавиациясына кабар берилип, Ноокен районундагы аймактык ооруканада облустун борборунан башкы токсиколог, башкы инфекционист, башкы педиатр жана башкы реаниматолог дарыгерлер жергиликтүү дарыгерлер менен консилиум өткөрүштү. Окуучулардын абалы учурда канааттандырарлык. Аларга акысыз дары-дармектер берилип, көзөмөлгө алынууда.

«Кечээ түштөн кийин биздин ооруканага Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептен белгисиз нерседен ууланган окуучулар массалык түрдө кайрыла башташты. Алар негизинен 5-класстан 10-класска чейинки окуучулар. Кечээ жаткырылган 28 баланын 25и кыздар болсо, үчөө балдар. Окуучулар мектептеги суу куюлган чоң идиштен суу сузуп ичишкен. Суу агуучу чоргосу бузулуп иштебей калган экен. Мындан сырткары, бадам менен өрүктүн быша элек мөмөлөрүн үзүп жешкен. Лабораториялык анализ толук чыкмайынча окуучулар эмнеден ууланганын так айта албайбыз. Учурда ууланып бизге жаткырылган окуучулардын абалы канааттандырарлык, жакшы деп айтууга болот. Бүгүн эки окуучу жакшы болуп калгандыктан ата-энелери алып кетишти», - деди Ноокен аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калматов.

Бүгүн, 13-майда окуучулардан кабар алганы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев Ноокен аймактык ооруканасында болушту. Ы.Ызабеков массалык түрдө ууланып, ооруканага жаткырылган окуучулардын ата-энелери менен баарлашып, алардын балдары дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынгандыгын айтты.

Өз кезегинде окуучулардын ата-энелери дагы дарыгерлер менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө балдарына ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканына ыраазычылыктарын билдиришти.

«Кечээ, 12-майда саат 14:10 чамасында алгач 13 окуучу белгисиз нерседен ууланып биздин ооруканага түшкөн. Кийин саат 15:45 чамасында 4 окуучу жана кечки 19:00дөн кийин 11 окуучу келип түштү. Алар бизге келээри менен интенсивдүү дарылоо иштерин жасадык. Жандандыруу бөлүмүнө бир дагы окуучу түшкөн жок. Облустан келген дарыгер адистер менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз»,- деди райондук аймактык оорукананын директору Ш.Абдирешев.

Учурда Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектепте 357 окуучу билим алып жатат. Ал эми Тоскоол-Ата айылында 2640 адам жашайт.

«Буга чейин Тоскоол-Ата айылынын жашоочулары таза сууну кудуктарга куюп ичип келишкен. Азыркы күндө кудуктагы сууларды толук тазалатып, суу ташуучу унаа менен таза сууларды жеткирип жатабыз. Окуучулардын уулануусу эмнеден болгону азырынча так аныктала элек. Ал үчүн 2 күн убакыт талап кылынаары айтылууда»,- деди Шайдан айыл аймагынын башчысы Шергазы Алыкулов.

Учурда Тоскоол-Ата айылынын жашоочулары менен жеринде Ноокен райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан барган 3 дарыгер иштеп жатат.

«Алар ар бир үйгө кирип, өздүк гигиена менен тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары, тез жардам унаасы дарыгерлер бригадасы менен иштеп жатышат», - деди Ноокен райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Асылбек Жумабаев.

Ошондой эле, Ноокен районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Н.Бекжигитованын жетекчилигинде чукул чара көрүү комиссиясы иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5564
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу