При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Майлуу-Суунун жаш инспекторлору республикалык сынакта облустун намысын коргошот

Turmush -  Майлуу-Суу шаарындагы №4 Ю.Гагарин атындагы орто мектептин окуучуларынан түзүлгөн «Тамашакөй жол көрсөткүч» командасы «Жол кыймылынын жаш досу» сынагынын облустук турунда алдыңкы орунду багындырышты. Аталган команда сынактын республикалык туруна жолдомо алып, эми облустун намысын коргошот.

Окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу, жол кыймылынын эрежелерин жаш муундарга үйрөтүү, мекенди коргоо сезимдерин күчөтүү багытын көздөгөн сынак кечээ, 11-майда Жалал-Абад шаарында өтүп, ага он команда катышты. Калыстар тобунун курамын ОИИБ башчысынын орун басары М.Хажиматов, Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы А.Досов жана мектептин мугалимдери түздү.

Калыстардын баалары менен район-шаарлардан утуп келген командалардын ичинен 1-орунду Майлуу-Суу шаарынан келген окуучулар багындырышты. Ал эми, 2-орунду Сузак районуна караштуу №78 З.Бакиров атындагы мектептин «Жаш инспекторлор» командасы, 3-орунду Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептен келген окуучулар ээлеп, баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 428
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу