Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокенде Энелер күнүндө 100 аял сыйланат

Turmush -  Ноокен районунда Энелер күнүн өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Энелер күнү быйыл май айынын үчүнчү жумасына туш келгендиктен 20-майда райондук администрациянын залында өткөрүлөөрү чечилди.

Акимдин орун басары Нурийла Бекжигитованын 12-майда билдиргенине караганда, Энелер күнүнө райондогу айыл-кыштактардан өндүрүштө мыкты иштеп, коомдо өзүнчө орду бар жана баатыр энелерди кошкондо 100 аял чакырылат.

Аларды райондун акими куттуктап, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери концерт көрсөтүшөт. Энелер күнүн өткөрүүгө акимдин резервдик фондунан 10 миң сом каражат бөлүндү. Энелерге сый тамак да берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 542
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×