При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Сузак районундагы эки мектептин окуучулары бир мектепте окуп жатышат (фото)

Turmush -  Сузак районунун Багыш айыл аймагына караштуу Шамшы Базарбаев атындагы орто мектептин имараты эскирип, авариялык абалга кептелди. Буга байланыштуу ӨКМдин адистери ал жерде балдарды окутууга болбойт деген бүтүм чыгарган.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, учурда аталган мектептин 315 окуучусу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектептен билим алып жатышат.

Өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков кечээ Ж.Бөкөнбаев атындагы жатак мектепте болуп, окуучуларга билим берүүдө мугалимдердин усулдук кабинеттери мезгил талабына такыр жооп бербегендигине күбө болгон. Эки мектептин окуучуларынын түшкү тамактануусун уюштурууда дагы так график сакталбагандыгын жеринде көргөн.

Бүгүн, 12-майда өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков Жалал-Абад облустук билим берүү методикалык борборунун башчысы Акылбек Токтосуновду, Сузак районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Асылкан Раманкулованы, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бечеловду жана аталган эки мектептин директорлору Бегайым Маматова менен Нургүл Сулайманованы чакырып, быйылкы окуу жылын аталган мектептерде талаптагыдай жыйынтыктоо жана кемчилдиктерди тез арада жоюу тапшырмасын койду. Тагыраак айтканда, эки мектептин окуучуларынын талаптагыдай билим алуусу үчүн класстык бөлмөлөрдү туура бөлүштүрүү, окуучулардын түшкү тамактануусун уюштурууда так графиктин сакталышы, мугалимдер үчүн усулдук окутуу бөлмөсүн бөлүү маселеси коюлду.

Сузак районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде учурда 168 окуучу билим алып жатса, алардын ичинен 56 бала томолой жана жарым жетим балдар. Учурда жатак мектептин электр энергиясына болгон карызы 180 миң сомдон ашып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 221
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×