Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалдын Чакмак-Суу айылында жаңы мектеп курулуп, анын сапаты текшерилди

Turmush -  Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына жаңы мектеп салынып, анын курулушунун сапаты текшерилди.

Райондун акими Канжар Эшалиев билдиргендей, 150 окуучуга ылайыкташкан мектептин курулушунун биринчи этабы бүттү.

«Чакмак-Суу айылында мектептин курулушу башталган. Аны айылда кен казган фирма каржылап жатат. Ага жалпысынан 27 млн сом бөлүнгөн. Учурда курулушка 11 млн сом каражат жумшалды. Айылга мектеп СССР учурунда ашар жолу менен курулуп, кийин ал талаптарга жооп бербегендиктен жаңы мектеп куруу зарылчылыгы пайда болгон», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 659
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×