При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Согушта катыган нан жей берип оозубуз жарылып кеткен, - сузактык ардагер А.Атакулов (фото)

Turmush -  Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Абдыжапар Атакулов быйыл 95 жашка толду. Ал 1942-жылы 20 жашында согушка аттанган советтик жоокерлердин катарына кошулгандыгын аймактык кабарчыга айтып берди.

Ардагердин айтымында, алгач 690-аткычтар полкуна барган. Кандуу согуш күчөп турган маал болгондуктан согушка аттанган жоокерлер атайын даярдыктан өтүшкөн эмес. Ээн талаага алып барып курал карматып, экиден ок аттырып эле согушка киргизишкен.

«Өмүрүбүздө курал кармап көргөн эмеспиз, согуш учурунда кыйын эле болду. Экиден ок аткан бойдон согушка кирдик. Карасаң жаныңдагыларга душмандардын огу тийип, кыйкырып, бакырып өлүп жатышат. Аз күн болсо да жакын болуп калган адамдардын өлүм алдында калганы душмандарга ачуубузду кайнатып, курал колдонгонду бат эле үйрөнүп кеттик. Немистерге болгон кыжырдануубуз да бизди тың болууга үйрөттү», - дейт ардагер ата.

Ал белгилегендей, согуш талаасында бирде ач калса, бирде ток жүрдү.

«Бирде ач калып, бирде ток болуп, көп кыйын күндү баштан кечирдик. Катыган нан жей берип, оозубуз жарылып кеткен күндөр болду. Кыштын ызгаардуу күнүндө Белоруссиянын токойлорунда калып, сазга баткан күндөр өттү. Согуш мезгили күн-түндү, мезгилди тандаган эмес, карга, жаанга чыдадык. Ач болгондо көк помидор жеген күндөр өттү. Эртең менен, кечкурун гана 200 грамм нан менен ботко берилчү. Советтик жоокерлер ошондой катаал шартка, катаал мезгилге да туруштук бергендиги үчүн жеңиш биздики болду», - дейт ардагер.

А.Атакулов Молдова, Беларуссия өлкөлөрүндө болду. 1944-жылы катуу салгылашта анын бутуна ок тийип, үч ай ооруканада жаткан. Дарыланган соң балдак менен жүрүүгө аргасыз болуп, кайрадан согуш талаасына кайта алган жок. Бирок, балдак менен жүрсө дагы Беларуссияда туткунга түшкөн немистерди иштетүүгө көз салып турган. Улуу Жеңиш күнүн да Украинада тоскон. Андан кийин ал калыбына келтирүү иштерине тартылып, 1947-жылы мекенине кайтып келген.

Согуш ардагери 1948-жылы үйлөнүп, 10 балалуу болгон. Учурда 52 небереси бар. Ал дайыма неберелерине, балдарына мекендин ыйыктыгын айтып, мекенди, элди сүйүүгө чакырып, согуштагы оор күндөрдү эскерип турат.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 392
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу