Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Бука районунун 80 жылдыгы белгиленет (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракесин 23-майда өткөрүү пландалууда.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, маараке облустук деңгээлде уюштурулуп, ага республиканын аймактарынан коноктор чакырылат. Боз үйлөр тигилип, концерттик программалар жана сахналаштырылган оюн-зооктор уюштурулат. Көк бөрү, торпок тартыш, улак тартыш, күлүк чабыш, кыз куумай, эр эңиш, алыш күрөш жана волейбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар берилет.

Көк бөрү жана торпок, улак тартыш улуттук оюндарынын баш байгелерине бирден унаа коюлган. Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча облустук бийликтин жетекчилигинин атайын буйругу чыгып, уюштуруу тобу түзүлгөн.

Райондун 80 жылдык мааракеси Өрүктү айыл өкмөтүндөгү Орток-Бел массивинде белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3374
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×