Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Көк-Жаңгак шаарын суу каптоо коркунучу жаралды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарын суу каптап кетүү коркунучу жаралды.

Жергиликтүү тургун Талас Каленовдун айтымында, 23-райондун үстүндөгү карьерге адырдан келген суу башка жылга салыштырмалуу көп топтолууда. Бул абалга Көк-Жаңгак шаарынын эли кооптонуп жатышат.

«Карьерге жылда эле суу топтолуп, бат эле соолуп кетчү. Быйыл суунун көлөмү көп болууда. Бир айга жакын убакта эле карьерде 500-600 метр куб суу топтолуп калды. Үч-Малайга келүүчү каналда да аң пайда болуп, андагы суу карьерге куя баштаган. Сууну Үч-Малайга буруу үчүн техникалар керек экен. Суунун нугун эртерээк Үч-Малайга бурбаса суу карьерге топтолуп, андан ашкан суу 23-районду, Черемушка районун каптоосу мүмкүн. Ал аймактарда 2, 5 миңден ашуун калк жашайт.

Жергиликтүү жашоочулар суунун топтолуусунан кооптонуп, шаар мэрине кайрылган, бирок жыйынтык болбой жатат», - дейт Т.Каленов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1052
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×