При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Ала-Букада дин өкүлдөрү окуучуларды мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө үндөштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-майда Ала-Бука районунда Жалал-Абад облустук мусулмандар дин башкармалыгы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата көчмө жыйын өткөрдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жыйынга район акими С.Акпаралиев, облус казысы А. Закиров, райондордун имамдары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана мугалимдер катышты. Жыйында адептүүлүккө, ыйманга үгүттөгөн видеолор көрсөтүлүп, диний баяндар айтылды.

Дин өкүлдөрү мектеп окуучуларды мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө чакырып, диний радикализмден сактануу керектигин айтышты. Ошондой эле, алар улуттар аралык биримдикке жана достукка чакырышты. Мындан тышкары, Ала-Бука районунун райондук хатибиятынын өткөн жылда аткарган иштери тууралуу маалыматтар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 505
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу