Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдүн экс-мэри Б.Миңбаевге козголгон кылмыш иш Кара-Көл шаардык сотунда каралууда

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын мурунку мэри Бекболот Миңбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иш Кара-Көл шаардык сотунда каралууда.

Буга чейин маалым болгондой, экс-мэрдин үстүнөн облустук прокуратура тарабынан козголгон эки кылмыш иш, Жалал-Абад ОИИБ тарабынан козголгон 1 кылмыш иш тергелип, Ноокен райондук сотуна өткөн.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, экс-мэрдин жактоочусу Ноокен райондук соттун үч судьясына ишенбөөчүлүк келтирип, өтүнүч менен кайрылган. Жактоочунун өтүнүчү канааттандырылып, иш Кара-Көл шаардык сотуна өткөрүлдү.

«Жактоочунун Ноокен райондук соттун 3 судьясына ишенбөөчүлүк келтиргендиги, бир судья окууга кеткендигине байланыштуу иш шаарга өткөрүлүп берилген», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, шаар мэри Бекболот Миңбаевге карата облустук прокуратура тарабынан 2014-жылдын 27-февралында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-мартында прокуратура тарабынан КЖКнын 306-беренесинин 1-бөлүмү, 171-берененин 2-пункту менен кылмыш иш козголуп, сотко жиберилген. 2015-жылы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы да мэрдин үстүнөн КЖКнын 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иш козгогон.

Облустук прокуратура тарабынан козголгон иш Жогорку соттон кайрадан райондук сотко келген. Ошондой эле, ички иштер башкармалыгы козгогон иш да сотко өткөрүлүп калгандыктан, эки ишти тең сот бириктирип карап жатат.

d7781ac473477ce4388cef22663d252d_0_500_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1092
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×