Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокенде 30дан ашык үй-бүлөгө электр жарыгы берилди

Turmush -  Ноокен районунда электр энергиясы жок отурган 30дан ашуун үй-бүлөгө электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Сары-Сыя айылынын башчысы Рахим Гапаров билдирди.

Анын айтымында, айылга 10 электр мамысы берилип, тургундарга жарык жеткирилди.

«Сары-Сыя айылынын жаңы конушуна электр мамысы жетпей жаткан. Ага айыл өкмөт тарабынан жардам берилип, учурда электр жарыгы жеткирилди», - деди айыл башчы.

Буга чейин маалымдалгандай, Сары-Сыя айылынын жаңы конушунда 30дан ашун кожолук электр жарыгы жок жашап келишкен. Алар өз каражаттарына мамыларды алышкан, бирок толук жетпегендигине байланыштуу жергиликтүү бийликтен жардам сураган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 581
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×