При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Ноокен районунда Талаа күнү уюштурулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-майда Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө Талаа күнү уюштурулду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарада Шайдан-Кара-Үңкүр Суу пайдалануучулар ассоциациясы 2016-2017-жылдары «Сууну эффективдүү пайдалануу» долбоору менен кызматташып, анын алкагында кичи гранттардын негизинде аткарылган жумуштар боюнча маалымат берилди. Дыйкан-фермерлер 3 топко бөлүнүп, аларга берилген маалымат пратика жүзүндө көрсөтүлдү.

1-тайпада СПА мүчөлөрүнүн укук-милдеттери, 2-долбоор тарабынан кичи грантты алуу үчүн коюлган шарттардан өтүү жана аткарылган жумуштардын сметалык баалары көрсөтүлдү.

Ал эми 3-тайпада сугат сууну өлчөө, жерди сугаруунун ыкмалары жана топурактын асылдуулугу боюнча катышуучуларга практика жүзүндө маалымат берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 543
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу