Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.05.2017 11:57

Айыл турмушу: Кара-көлдүк чебер Т.Чокоева токуу өнөрүн башка мугалимдерге да үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 67 жаштагы тургуну Токтокан Чокоева 47 жыл билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, 15 жылдан бери шаардык балдар чыгармачыл үйүндө токуу ийримин жетектеп келет. Аймактык кабарчы мугалим-чеберден кабар алды.

Анын айтымында, 28-апрелде Жалал-Абад облусунун балдар чыгармачыл үйүнөн келген 27 мугалимге өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

«Мен токуу ийримин 15 жылдан бери жетектеп, таланттуу жаш кыздарга шуру түзүү, түрдүү жиптен түрдүү кийим токууну, илме ийне менен үй тиричилигине керектүү буюм-тайымдарды токууну үйрөтүп келем. Менин сабагыма облустун район, шаарларынан келген 27 мугалим катышып, иш тажырыйбам менен таанышып кетишти», - деди Чокоева.

Каарманыбыз кесиби боюнча орус тили жана адабияты мугалими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×