При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Ала-Букада Жеңиш майрамында «Өлбөс полк» жөө жүрүшү уюштурулду (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата «Өлбөс полк» жөө жүрүшү уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондорго куран окулуп, асманга ок атылды. Андан соң майрамдык салтанат райондун борбордук аянтында уланды. Райондун акими С.Акпаралиев согуштун ардагерлерин, ооруктун эмгекчилерин жана район элин Жеңиш күнү менен куттуктады.

Жеңиштин урматына аскердик парад уюштурулуп, жоокерлер согуштук оор техникалар менен жөө жүрүштөн өтүштү. Соңунда концерттик программалар жана оюн-зооктор уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 515
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу