Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокендиктер Жеңиш күнүн майрамдашты (фото)

Turmush -  Ноокен районунда 9-майда Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы салтанаттуу белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталардын эмгегин даңазалоо максатында «Өлбөс полк» акциясы уюштурулду. Ага район акими Э.Маматаев, согуштун ардагерлери, оорукта эмгектенгендер, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймактан келген аксакалдар, райондун тургундары катышты.

Андан соң согуштун катышуучуларына арналган эстеликке өчпөс оттун алдына гүлчамбар коюлуп, райондун казысы курман болгондордун жаркын элесине арнап куран окуду. Андан кийин бир мүнөттүк эскерүү жарыяланып, аскер комиссариатынын кызматкерлери тарабынан залп атылды.

Ноокен районунун аймагында жашап жаткан согуштун 8 ардагери, ооруктун 5 катышуучусу дагы Улуу Жеңишти майрамдашты. Салтанаттын экинчи бөлүгү борбордук аянтта уланып, аким Э.Маматаев райондун элин куттуктады. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ноокен райондук мамлекеттик администрация тарабынан согуштун ардагерлерине жана оорукта эмгектенгендерге акчалай сыйлык берилди. Мындан тышкары, айыл өкмөттөрдөн, Кочкор-Ата шаарынан келген аксакалдарга сый тамак уюштурулду.

Борбордук аянтта Улуу Жеңишти, достукту, тынчтыкты даңазалаган ырлар жана бийлер аткарылды. Ошондой эле, спорт комплексте жана жайкы футбол аянтчасында спорттук мелдештер өткөрүлүп, эстелик алдына коюлган замбиректин да ачылышы болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×