Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдөгү жалгыз ардагер А.Жангиров сыйланды (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында Улуу Жеңиш майрамы белгиленди.

Таш-Көмүр шаардык мэриядан кабарлангандай, шаардык саябан багындагы белгисиз жоокердин эстелигинин алдына гүл коюу аркылуу согушта курман болгондорго жана согуштан кайтып келгенден кийин кайтыш болгондорго арналган эскерүү аземи өткөрүлдү. Асманга карай автоматтан ок чыгарылды.

Шаарда учурда согуштун бир катышуучусу – Азамбек Жангиров жана ооруктун эки ардагери бар. Алар да ушул аземдин күбөсү болушту. Шаардык эс алуу багына эл көп топтолуп, шаардын мэринин милдетин аткаруучу Ө.Бабатаев элдин алдында согушта курман болгон жана кийин кайтыш болгондорду эскерип, жалпы митинг реквиемдин катышуучуларын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу майрамда Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы ырлар жаңырып, согуш талаасынан жана ооруктагы окуяларды чагылдырган көрсөтүүлөр коюлду. Митинг реквиемден кийин аксакалдарга, апаларга сый тамак берилди.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А.Жангиров шаар элине жана жаштарга ак батасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 780
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×