Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Чаткалдагы жалгыз ардагерди белгилүү балбан Ташчайнар да куттуктап, өнөрүн тартуулады (фото)

Turmush -  Чаткал районунда Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы белгиленип, жалгыз ардагер сыйланды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Райондук администрациядан билдиришкендей, согуш ардагери Көчөрбай Таласбаевге 10 миң сом сыйлык тапшырылды. Мындан сырткары, ооруктун 2 ардагерине акчалай жана баалуу белектер берилди. Ошондой эле, райондун аймагында кен казып иштеген фирмалар ардагерлерге белектерди тапшырышты.

Иш-чаранын алкагында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата жөө жүрүш уюштурулуп, район борборундагы эстелик мемориалга гүлчамбар коюлду. Андан соң, ардагерлерге белектер тапшырылды. Чаткалдыктарды Ташчайнар аты менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров да куттуктап, өз өнөрүн тартуулады.

Буга чейин маалымдалгандай, Чаткал айыл өкмөтү тарабынан жалгыз ардагерге коляска алууга 17 миң сом берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1246
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу