При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Сузакта Жеңиш күнүндө жөө жүрүш болду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы Сузак районунда да кызуу белгиленүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул күндү утурлай район акими Абдумуктар Маматов баштаган бийлик өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери 3 чакырым аралыкка жөө жүрүш жасашты. «Унутулгус полк» жүрүшүндө кандуу майданга аттанган катышуучулардын, оорукта кызмат кылгандардын сүрөттөрүн көтөрүп өтүштү. Андан соң борбордогу Жеңиш эс алуу багындагы өчпөс отко гүл коюлду.

Район акими А.Маматов Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын, алардын баатырдыгына таазим кыларын белгиледи. Ал эми, окуучулар согуш мезгилин чагылдырган театрлаштырылган программа тартуулашты. Ардагерлердин эрдиктерине карата жылуу пикирлер айтылып, сый тамак тартууланды.

Маалым болгондой, Сузак районунан Улуу Ата Мекендик согушка 19 миң 320 адам аттанып, анын 13 миңге жакыны кайтып келген. Кандуу майданга кеткен жарандардын 4441и согушта курман болсо, 1257си дайынсыз жоголгон. Учурда 16 гана ардагер калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 559
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу