Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Базар-Коргондо Улуу Жеңиш майрамы белгиленүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылындагы борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чара согуштан кайтпай калган аскерлерди эскерүү менен башталды. Согушка жалпы облустан 37 миң адам катышкан. Анын ичинен Базар-Коргон районунан 7 миң, Акман айылынан 295 жоокер катышып, алардын 50%ы кайтпай калган.

Мекенине жеңиш менен кайтып келген ардагерлер: Нуралиев Акун, Жусупбаев Чекир, Көкөнов Токомбай, Каратаев Эрмебай, Тургуналиев Абдраим, Өмүрзаков Омор, Максүтов Батыркул, Калыков Шамурза күжүрмөн эмгеги үчүн орден, медалдар менен сыйланышкан.

Сузак районуна караштуу Төш-Күтчү айылынын тургуну Камчыбек Исмаилов атасы Латвияда каза болуп, согуштан кайтпай калганын белгилеп өттү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1870
Көп окулду
×