Turmush - Токтогул районунун Бел-Алды айыл аймагында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата мектеп окуучуларынын эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалыматка караганда, ага жергиликтүү тургундар катышты. Окуучулар согушка Сары-Сөгөт, Коргон, Бел-Алды, Кишен айылдарынан аттанган аталардын сүрөттөрүн көтөрүп «Өлбөс полк» жүрүшүн уюштурушту. Согуштун жесирлерине айыл өкмөтү тарабынан акчалай жардамдар берилди.
Соңунда кыздар жана балдар арасында 3 км аралыкта жарыш өткөрүлүп, акчалай байгелер тапшырылды.