При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Токтогулда Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата футбол боюнча турнир уюштурулду (фото)

Turmush -  Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Токтогул районунун Үч-Терек айылында согуштун ардагери Ажыбаев Кыштообай атанын неберелери футбол боюнча турнир уюштурушту, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Турнирге Өзгөрүш, Ничке-Сай, Кызыл-Ураан айылдарынан келген командалар катышты. Жыйынтыгында 1-орунга Үч-Теректин курама командасы, 2-орунга Тельман айылынын футболдук командасы, 3-орунга Үч-Теректин окуучуларынан түзүлгөн курама команда татыктуу болду.

«Эми мындай мелдештер жыл сайын өткөрүлүп турмай болду. Айылыбызда футбол аянтчалары бош калып калчу эле эми спортчулардын кызыгуусу көбөйүп келе жатат», - дейт спортчу Т.Урматаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 332
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×