Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондун Акман айылында 1,6 млн сомго курулган кичи футбол аянтчасы ачылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында 7-майда кичи футбол аянтчасы ачылып, ага КРнын эмгек сиңирген мугалими Парат Салибаевдин ысымы ыйгарылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземге райондун акими Айбек Бегимкулов, АРИС долбоорунун өкүлдөрү, Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Марсел Көкөнов, жергиликтүү тургундар, спорт сүйүүчүлөр жана курулуш иштерине көмөк көрсөткөн тургундар катышты.

Курулуш иштерине 1 млн 621 миң 100 сом жумшалды. Ага АРИС долбоору тарабынан 1 млн 189 миң 820 сом, айыл өкмөттөн 250 миң 500 сом, жергиликтүү тургундар тарабынан 181 миң 280 сом берилген. Ал эми Жараке, Кош-Коргон айылынан 59 миң 480 сом, Б.Осмонов атындагы гимназия-мектебинин мугалимдер жамаатынан 12 миң 800 сом бөлүндү. Калган сумма жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан берилди.

Парат Салибаев 1931-жылы Базар Коргон районунун Акман айылында туулган. 1952-жылы орто мектепти бүтүрүп, Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер институтуна тапшырган. Аны 1954-жылы аяктап, В.И.Ленин атындагы мектепке география мугалими болуп дайындалган. 1957-1960-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун география факультетин аяктаган. Ал агартуу системасында үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн 1966-жылы «Эл агартуунун отличниги», 1976-жылы «Эмгек сиңирген мугалим» деген наамдарга ээ болгон. 2003-жылы «Ардактуу атуул» наамына татыган.

Жубайы Булдуркан апа экөө 6 уул, 6 кызды тарбиялап, алардын баарына жогорку билим берген. 2012-жылы пенсияга чыгып, райондогу коомдук иштерге активдүү катышып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 807
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×