Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Сузакта согуш ардагерлерине 28 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Сузак районунун акими А.Маматов, акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары А.Раманкулова райондогу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын үйлөрүнө барып кабар алышты.

Райадминистрация маалымдагандай, бүгүн, 5-майда бийлик өкүлдөрү согуштун ардагерлерине президенттин атынан 10 миң сом, компенсация катары 15 миң 400 сом тапшырышты. Ошондой эле, өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрация тарабынан даярдалган белектер берилди. 

«Согуштун ардагерлерине президенттин, жергиликтүү бийликтин колдоолору менен жалпы 28 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, тылда эмгектенгендерге 10 миң сомдон берилип, согуш ардагерлеринин жесирлерине да белектер тапшырылды. Жеңиш күнү да ардагерлерге, тылда эмгектенгендерге сый көрсөтүлөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Райондо учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 16 ардагери жашайт. 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1323
Көп окулду
×