Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.05.2017 14:49

Жалал-Абаддын мэринин м.а. С.Авазов кызматын тапшырып, шайлоого катышмай болду

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышмай болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардык мэриядан билдиришти.

Авазов

Кечээ, 3-майда С.Авазов мэриянын аппаратынын кызматкерлери жана шаардагы муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, жаңы чечими тууралуу айтты.

Ал акыркы эки жыл ичинде шаарда инфраструктуралык жактан ири өзгөрүүлөр болгондугун, жетишкен ийгиликтерде шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана жамааттарынын салымы зор болгонун белгилеп, мындан ары да шаардын өнүгүшү үчүн алардын аракеттерине ийгилик каалады.
Шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери С.Авазовдун шаарга сиңирген эмгегин жогору баалоо менен ага мындан аркы ийгиликтерди каалашты.

С.Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри болуп 2014-жылдын сентябрь айында дайындалган. Анын жетекчилиги менен шаар инфраструктуралык жактан өзгөрүп, курулуш иштеринин көлөмү мурдагы жылдарга караганда 4-5 эсе көбөйгөн. Анын аракети менен шаарды 2016-2026-жылдары өнүктүрүүнүн инвестициялык программа иштелип чыккан жана ал ишке ашырылып жатат.

Ал эми, шаарды биринчи вице-мэр Турдалы Темирбаев мэрдин милдетин аткаруучу катары башкара турган болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×