При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Ө.Текебаевдин жердештери Ош—Бишкек жолунда жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 4-майда эл өкүлү Өмүрбек Текебаевдин жердештери Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында тынчтык митингине чыгышты.

Чогулгандар Ош—Бишкек унаа жолунун жээгинде Жалал-Абад шаарын көздөй 2 чакырым аралыкка жөө жүрүш жасашты, деп билдирди аймактык кабарчы. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. 

Ошондой эле, бүгүн Бишкек шаарындагы Орозбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде Ө.Текебаевдин тарапташтары чогулду. 60га жакын тарапташтардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз бар.

Ал эми, Орозбеков көчөсү Токтогул көчөсүнөн Москвага чейин милиция кызматкерлери тарабынан тосулуп, адамдар өткөрүлгөн жок.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Башкы прокуратура козгогон иш боюнча камакка алынган Ө.Текебаевдин баш коргоо чарасын карайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 584
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×