При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Кара-Дарыянын суусу Сузактагы үч айылды жана гектарлаган аянттарды каптап кетүү коркунучу бар

Turmush -  Кара-Дарыя дарыясындагы №20 коргоочу тосмо дагы 500 метрге чейин узартылбаса Сузактагы Кара-Дарыя айыл аймагындагы үч айылды жана гектарлаган шалы аянттарын суу каптап кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Көк-Арт, Кара-Дарыя дарыяларындагы коргоочу тосмолордун абалы менен таанышкан учурда маалым болду.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекиловдун өкмөт башчыга берген маалыматы боюнча, Андижан суу сактагычынын, Көк-Арт, Чаңгет-Сай дарыяларынын суулары да Кара-Дарыяга кошулат. Суу көп келген мезгилде Кара-Дарыя айыл аймагындагы айылдарга, айдоо жерлерге кооптуулук жаратып жатат. 1998-жылдан бери мындагы аймактан 1000 га айыл чарба жерлери суу алдында калып, 50 турак жай жараксыз абалга кептелген.

«Биздеги коргоочу тосмолордун ичинен эң коркунучтуусу ушул №20 дамба болуп турат. Үч тараптан келген суу секундасына 1000 метр кубга жетсе, Кара-Дарыя айыл аймагындагы үч айылды суу каптап кетиши мүмкүн. Сугат жерлерге да коркунуч алып келет. Дамбаны бекемдөө үчүн 47 миллион сом керектелет. Бул объекти үчүн каражат бөлүү маселесин карап берсеңиз жакшы болот эле», - деди А.Бекилов.

Өкмөт башчы бул багытта иш жүргүзүүнү тийиштүү тараптарга табыштап, өзү да жеке көзөмөлгө алмай болду.

Иш сапардын алкагында премьер-министр Сузак айыл аймагынын Благовещенка тилкесиндеги Көк-Арт дарыясынын оң жак тарабында жайгашкан №4 коргоочу тосмонун абалын да көрдү. Мындагы объектинин болжол менен 700 метр аралыгына Көк-Арт дарыясынан келген суу ташкындары коркунуч жаратып, тосмодон ашып жууп кеткен. Анын кесепетинен Камыш-Башы жана Сузак айылдарындагы 150 турак жайларга жана 245 гектар айдоо жерлерине өтө кооптуу абал жаралган. Муну жоюу үчүн 151 куткаруучу, 16 бирдик техникалар тартылган. Жергиликтүү бийлик тараптан дагы 9 техника бөлүндү.

Мындагы коргоочу тосмо 1979-жылы 7600 метр узундукта курулуш нормалары сакталбастан курулганы, коргоочу тосмо мөөнөтүн өтөп бүткөнү айтылды. Ошондой эле, сайлардан шагыл алгандар тиешелүү талаптарды сактабаганы суу каптоо коркунучун жаратып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу