При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Сузактагы мектепте музей ачылды

Turmush -  Сузак районундагы М.Хакимов атындагы орто мектепте кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдраманов атындагы адабият, маданият жана искусство музейи ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, музейде Токтогул Сатылганов, Барпы Алыкулов баш болгон кыргыз элинин төкмө акындарынын, Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматов, Жоомарт Бөкөнбаев баштаган кыргыз эл акындары менен жазуучуларынын чыгармалары менен портреттери коюлган. Мындан сырткары, музейге искусство менен маданияттын чеберлеринин эмгектери, сейрек кездешүүчү буюмдар менен ар кыл улуттардын ондогон музыкалык аспаптары коюлган. Музейди ачууну мектептин музыка сабагынын мугалими Махамаджан Мадаминов демилгелеген.

Музейди көргөнү Германиядан келген чет элдик коноктор азыркыга чейин иштеп жаткан патефонду 500 еврого сатуу сунушун айтышты. Бирок музейдин негиздөөчүлөрү баш тартышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 287
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×