Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.05.2017 10:01

Кара-Көлдө окуучулар арасында «Акыл ордо» таймашы өттү

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Д.Шопоков атындагы орто мектебинде «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Таймаш 3 этаптан туруп, 1-этап 5-6 класстар арасында өткөрүлдү. Анда тарых, кыргыз тили жана адабияты, биология сабактары боюнча суроолор берилип, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн сыноо максатында логикалык маанини камтыган сүрөттөр да колдонулду. 1-этаптын жыйынтыгында 5«а»-класстын окуучусу Алтынай Тагайбекова жеңүүчү болуп табылды.

2-этапта 7-8-класстардын окуучуларына география, биология, кыргыз тили жана адабияты, тарых сабактары боюнча интеллектуалдык суроолор берилди Жыйынтыгында Азамат Байызбеков жеңүүчү болуп аталды.

Ал эми, 3-этап 9-10-11-класстар арасында өткөрүлдү. Мында тарых, химия, география, биология, кыргыз тили, Манас тануу сабактары боюнча суроолор берилип, жеңүүчү деп 11-класстын окуучусу Нурзада Саламова табылды. Таймаштын жеңүүчүлөрүнүн ар бирине 700 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×