При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Талды-Булак айылында өрт чыгып, көпүрөнүн жоктугунан өрт өчүрүүчүлөр өтө албай калышты

Turmush -  Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл өкмөтүндөгү Чкалов айылында өрт чыгып, көпүрөнүн жоктугунан куткаруучулар өтө албай калышты.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кечээ, 1-майда Табалдиев көчөсүндөгү №17 үйдө өрт чыккан. Бактыга жараша адамдар жабыркаган жок. Жыгач устундуу 108 чарчы метр аянттагы турак үй толугу менен күйүп кеткен. Жабырлануучуларга өрт өчүрүүчүлөр жардам берүүгө үлгүргөн эмес. Кара-Үңкүр дарыясынын биринчи жана экинчи көпүрөсү жараксыз болуп калганына байланыштуу, өрт өчүрүүчүлөр айылга өтө албай калышкан. Алар үй толугу менен күйүп кеткенден кийин айыл тургундарынын унаасы менен барышкан.

Өрткө электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 336
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:44,   23.06.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×