При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Элге орой мамиле жасаган Майлуу-Суу шаардык мэриянын айрым кызматкерлерине чара көрүлөт, - өкүл

Turmush -  Кечээ, 30-апрелде Майлуу-Суу шаарындагы көчкү жүргөн тилкеге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев барып, Түштүк Кара-Жыгач айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Жергиликтүү тургундар кооптонуп жашап жатышкандыгын айтышса, кооптуу аймактан көчүрүлгөн жашоочулар тарабынан Майлуу-Суу шаардык мэриясынын айрым тийиштүү кызматкерлери элге орой мамиле жасагандыгын айтып чыгышты.

«Элге орой, туура эмес мамиле жасаган жетекчилердин үстүнөн чара көрүлөт. Эл кыжаалат болуп турганда аларга жакшы сөз менен түшүндүрүүгө аракет жасоолору керек болчу», - деди өкүл.

Өкүл жараксыз абалга кептелүү кооптуулугунда турган Маданият—Кыпчак-Талаа автоунаа жолунун 11-12-чакырымындагы жолдун абалын да көрдү. Анда ӨКМ тарабынан тийиштүү чечимдерди чыгаруу маселеси коюлду. Анткени суунун көп келүүсүнөн улам жолду жараксыз абалга кептелүү коркунучун жараткан. Жол четин суу жеп отуруп, жолго жетип калды. Жээк бекемдөө, жолду сактап калуу кадамы жүрбөсө шаар калкы үчүн кыйынчылык жаралуусу мүмкүн болуп турат.

Буга чейин маалымдалгандай, 28-апрелде саат 00:30 чамасында Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш тилкесинде болжол менен 18 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Жер көчкүдөн улам кооптуулук жаралган аймактагы жашоочулар шаардагы Майлуу-Суу колледжинин жатаканасына көчүрүлгөн. Жалпы 37 кожолук колледждин жатаканасына жайгаштырылган. Айрымдары туугандарынын үйлөрүнө көчүшкөн.

Тема боюнча:

16.03.2017Фото - Майлуу-Сууда жер көчкү жылып, турак үйлөргө кооптуу абал жаралды
17.03.2017Майлуу-Сууда 1,7 млн метр куб жер көчкү жүрдү (фото)
25.03.2017Майлуу-Сууда жер көчкү түшкөн турак жайдын ээси үйүн бузуп, курулуш материалдарын алып кетти (фото)
12.04.2017Майлуу-Сууда жер көчкү жүрүп, 10 үй-бүлө көчүрүлдү
28.04.2017Майлуу-Суу дарыясына жер көчкү сүрүлдү (фото)
28.04.2017Майлуу-Сууда жер көчкүдөн улам 37 кожолук колледждин жатаканасына көчүрүлүүдө (фото, видео)
01.05.2017Майлуу-Суудагы жер көчкүдөн улам тургундар тоо боорундагы кыя жол менен өтүп жатат (фото)
01.05.2017Майлуу-Суудагы жер көчкүдөн улам жергиликтүү тургундар ичүүчү суусу жок калышы мүмкүн (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 594
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу