При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Майлуу-Суудагы жер көчкүдөн улам жергиликтүү тургундар ичүүчү суусу жок калышы мүмкүн (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш тилкесине сүрүлүп түшкөн жер көчкүдөн улам шаар калкы ичүүчү суусу жок калуу коркунучунда турат.

«Майлуу-Суу шаар сууканал» башкармалыгынын башчысы М.Жаркуловдун айтымында, буга чейин суу түтүктөрү сайдын 2-3 метр алыстыкта болчу. Көчкүдөн улам суунун нугу бурулуп, азыркы тапта борбордук суу түтүктөрүнө өтө кооптуу абал жаратты.

«Суу түтүктөрү дарыяда калгандыктан үзүлүп кетүү коркунучунда турат. Кокустан шаарга суу жеткирүү үчүн кеткен түтүк үзүлсө шаар калкы таза суусу жок калат. ӨКМдин адистери багыт беришсе, ошого жараша иш кылабыз. Түтүктөргө кум толуп калбашы үчүн аны жаап койсокпу деп ойлоп жатабыз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 218
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×