Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузактын тургунун бычактап өлтүрүүгө шектүү делип 26 жаштагы жигит кармалды (толугу менен, фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда адам өлтүрүүгө шектүү делип Сузак районунун 26 жаштагы тургуну кармалды.

Буга чейин ШИИБден маалымдашкандай, ушул жылдын 22-мартында саат 19:30 чамасында Жалал-Абад шаарынан Сузак районунун 31 жаштагы тургуну М.М.ны белгисиз адамдар бир нече жолу бычак менен сайып, денесине оор жараат келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучу М.М. алган жараатынан улам облустук ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иш козголгон. Жалал-Абад ШИИБдин милиция кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, натыйжада кылмышка шектүү катары Сузак районунун Комсомол айылынын 26 жаштагы тургуну К.З. жашынып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү К.З. аталган кылмыш ишин жасагандыгын мойнуна алган.

Мындан тышкары, андан далил буюм катары жабырлануучуга бир нече жолу сайылган кара түстөгү бычак калыстардын катышуусунда алынып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Учурда кылмышка шектүү К.З. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, аталган окуядан бир жума мурун М.М. менен шектүү деп кармалган адамдын агасы Канаттын ортосунда жаңжал чыккан. Мындан кийин Канат ооруканага жаткырылып, кийин М.М.ге карата чара көрүү боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Шектүү делген жаран 22-мартта агасы экөө М.М.ге элдешүү үчүн барышкан. Бирок, алардын ортосунда жаңжал чыккан.

«Менин агамды сабап салышыптыр. Ал ооруканага жатып чыкты. Ал ооруканадан чыккандан кийин мага телефон чалды. Андан кийин биз тынчтык жолу менен элдешүү үчүн жолугушууга бардык. Ал жактан өз ара кайым айтыша кеттик. Мен анын колуна жана бутуна бычак менен сайдым. Мен бул ишти өзүмдү коргоо үчүн жасадым. Ал өлүп калат деп ойлогон эмесмин», - деп билдирген шектүү.

Шектүү

5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:28,   18.10.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×