Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Суудагы жер көчкүдөн улам тургундар тоо боорундагы кыя жол менен өтүп жатат (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш тилкесинде 7 миллион куб метр жер көчкү сүрүлүп, анын 18 миң кубу Майлуу-Суу дарыясына түшкөн. Көчкү Майлуу-Суу—Сары-Бээ унаа жолунун 500 метрине түшүп, каттам жабылган.

Мындан улам 28-апрелден бери 3200 калк жашаган Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жашаган жашоочулар тоо боорлогон кыя жол менен өтүшүүдө. Андагы аймактагылар үчүн бул абал оорчулук жаратууда.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиевге жергиликтүүлөр жаан-чачын күндөрү жолдон өтүү кыйынга туруп жатканын белгилешти. Мындан улам мобилизациялык жол менен жашоочулар өтүп жаткан кыя жолду 2 метр, айрым жерлерин 3 метрге чейин кеңейтүү иштери жүрмөй болду.

«Чынында шаар аймагындагы эң кооптуу тилке болуп турат. Калк жөө өтүп жаткан жол менен улгайган адамдардын өтүүсү кыйын болууда. Сөзсүз түрдө 2-3 метрге чейин кеңейтишибиз керек. Унаа каттам боюнча алгач адистер карап чыгышат, ошого жараша иш аткарылат», - деп билдирди өкмөттүн өкүлү.

Жашоочулар дагы автоунаа каттамы боюнча эки сунуш айтышты. Ал эми, Түштүк Кара-Жыгач айылынын тургундары жер тилке маселесин көтөрүштү.

Маалым болгондой, мындагы аймакта 4 миң куб суу топтолгон, акырындык менен сыртка чыгып жатат. Көчкүнүн сүрүлүүсүнөн Түштүк Кара-Жыгач айылынан 37 үй-бүлөгө, Сары-Бээ айылынан 8 үйгө кооптуулук жаралган. Түштүк Кара-Жыгач айылында көчүрүлгөндөрдүн дээрлиги туугандарыныкында жашап жатышат. Ал эми шаардагы Майлуу-Суу колледжинин жатаканасында 6 кожолук жашап жатат. Айрым жашоочулар тууган-уруктардын үйүндө жашап жатканын маселе катары көтөрдү. Бирок буга жергиликтүү бийлик бардык шарты бар жатаканага жашоодон баш тартып коюшкандыгын мисал катары айтты.

Жатаканада жашап жаткандар шарт түзүлгөндүгүн кубатташып, шаар бийлигинин, ӨКМдин адистеринин калкты көчүрүү үчүн жасаган кадамдарына ыраазычылыктарын билдиришти. ӨКМдин адистеринин ырастоолорунда, андагы аймактан дагы миллион куб метр жер көчкү түшүү коркунучу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1439
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×