При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Майлуу-Сууда жер көчкүдөн улам 37 кожолук колледждин жатаканасына көчүрүлүүдө (фото, видео)

Turmush -  Майлуу-Сууда жүргөн жер көчкүдөн улам кооптуулук жаралган аймактагы жашоочулар шаардагы Майлуу-Суу колледжинин жатаканасына көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары М.Акматов билдирди.

Анын айтымында, учурда 37 кожолук колледждин жатаканасына жайгаштырылууда. Айрымдары туугандарынын үйлөрүнө көчүшөт.

«Көчкү акырындык менен сүрүлүп, суу да топтолууда. Дагы 7 млн куб метр көчкү түшүүсү мүмкүн экенин адистер айтышууда. Учурда 18 миң куб метр жер көчкү түштү. Жергиликтүү бийлик колдон келген аракетин жумшап жатат. Жашоочуларды көчүрүү аракеттери улантылат», - деди М.Акматов.

 

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 28-апрелде саат 00:30 чамасында Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш тилкесинде болжол менен 18 миң метр куб жер көчкү түшкөн.

1993-1994-жылдары пайда болгон жер көчкү Майлуу-Суу дарыясынын жарымына чейин сүрүлгөн. Дарыянын нугун жер көчкү тосуп калуу коркунучу пайда болгонуна байланыштуу Түштүк Кара-Жыгач айылынан 36 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 439
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×