Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Жалал-Абад

Токтогулдагы Артак ашуусунда жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, 5 тонна сыра жарабай калды

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 304-чакырымында чиркегичи бар жүк ташуучу унаанын (мамлекеттик номуру 13-64 SС) кыймылдаткыч бөлүгү жана алдыңкы дөңгөлөктөрү күйүп кетти. ӨКМ билдиргендей, Токтогул районунун Торкент айыл өкмөтүндөгү Артак ашуусунда чыккан өрттөн адамдар жабыркаган жок.

Өрттүн кесепетинен унаага жүктөлгөн 5 тонна сыра пайдаланууга жараксыз болуп калды. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 957
Көп окулду
×