Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 19.04.2017 08:44

Айыл турмушу: Ноокендик дыйкан А.Мамараимов 2 күнөсканадан киреше алат (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Масы айыл аймагынын 45 жаштагы тургуну Абдумажит Мамараимов 4 жылдан бери күнөсканада жашылчаларды өстүрүп, киреше табат. Ал 3,5 сотых жерге 2 күнөскана курганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Бир күнөсканада чамгыр, ашкөк, пияз өстүрүп, базарларга дүң баада өткөрөм. Экинчи күнөсканада капуста, помидор, ашкабактын көчөттөрүн өстүрүп, аларды талаага эгем», - дейт дыйкан.

Мындан сырткары, ал 0,25 сотых жерге анжир көчөтүн отургузган. Талаага отургузган помидордун көчөттөрү учурда гүлдөп баштаганын белгиледи.

«0,15 сотых жерге жүгөрү өстүрдүм. Ал эми 0,80 сотых жерге ашкабак өстүрдүм. 2015-жылы 70 миң даана жүгөрү өстүрүп, дүмбүлүн 17 сомдон саткам. 2016-жылы баасы жакшы болбой калганына байланыштуу быйыл 12 миң даана эгип, 15-июнга чейин сатууну пландап жатабыз»,- дейт ал.

А.Мамараимов үй-бүлөлүү, 3 кызы, 1 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×