Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 18.04.2017 17:26

Ала-Букада «Жаш таланттар» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Ала-Букада А.Турабаев атындагы орто мектебинин базасында «Жаш таланттар» кароо-сынагы райондук балдардын чыгармачылык үйү тарабынан өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган чыгармачылык үйүнүн вокал жанры боюнча ийриминин жетекчиси Динара Абдурасулова билдирди.

Өзүнүн айтымында, бул кароо-сынакка айыл аймактардагы мектептердин таланттуу окуучулары катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

«Сынактын жыйынтыгында мыкты даярдык менен келишкен Ала-Бука айыл аймагындагы мектептин окуучулары 1-даражадагы диплом менен сыйланышты. Ал эми, Т.Балтагулов жана Ак-Там айыл аймагындагы мектептердин окуучуларына 2-даражадагы, Өрүктү жана Ак-Коргон айыл аймагынан келген окуучуларга 3-даражадагы дипломдор тапшырылды. Мындан тышкары, өзгөчө өнөрлөрүн көрсөткөн окуучулардын ар бирине дипломдор берилди. Мисалы, мыкты саламдашкан Т.Балтагулов мектебинин жигиттер тобуна, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча М.Сарыбаев атындагы орто мектебинин жаш манасчысы Айбек Токоновго, Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин окуучусу Бегалы Кутубековго, кыргыз күүлөрүн мыкты аткарууда Д.Осмоналиев атындагы мектебинин окуучусу Шумкар Барпиевге, ошондой эле А.Турабаев атындагы мектебинин бийчи кыздарына, вокал боюнча М.Эргешов атындагы орто мектебинин окуучусу Уларбек Мамадалы уулуна, мыкты сүрөт тартууда А.Акпаралиев атындагы орто мектебинин окуучусу Жумаида Сейиткуловага, кол өнөрчүлүк боюнча Октябрь орто мектебинин окуучусу Севинч Камалхан кызына тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×