При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Торкент—Толук жолу жер көчкүдөн тазаланууда (фото)

Turmush -  Торкент—Толук унаа жолуна түшкөн жер көчкүлөр тазаланууда. Бул тууралуу райондук администрациядан маалымдалды.

Маалыматка караганда, республикалык маанидеги Торкент—Толук унаа жолунун 39-чакырымында 3-апрель күнү жер көчкү түшүп, анын көлөмү 24 миң кубду түзгөн. Азыркы убакта дал ошол 39-чакырымда убактылуу айланып өтүүчү жол салынган, бирок күн жааган учурда унаалар бульдозер менен тартып чыгарылууда. Эртең мененки саат 07:00дөн тарта кечки саат 21:00гө чейин ал жерде 2 бульдозер иштеп жатат. Аба ырайы ачык болуп турса жолду тазалоо иштери 5 күндө бүткөрүлөт.

Ушул эле Торкент—Толук жолунун 68-чакырымында 680 метр куб, 16-апрель күнү 58-чакырымында дагы 350 метр куб жер көчкү түшүп, көчкүлөр тазаланды.

2017-жылдын 17-апрелинде жер көчкү жүргөн жерлерге райондун акими М.Сатымкулов, ӨКМдин райондогу өкүлү Н.Төрөбаев, №23 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери А.Чотурбаев барып, Толук айылынан келген атуулдар менен жолугушту. Түшүндүрүү ишин жүргүзүшүп, жалпы элге жеткирүүнү, аларды сабырдуулукка чакырууну тапшырды.

Бүгүнкү күндө Толук айыл аймагында абал туруктуу, эл азык-түлүк менен камсыз болушкан. Элге жолдо жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 353
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×