При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Жалгыз бой эне Б.Жыргалбек кызы буту баспаган кызына мамлекеттен жардам берилбей жатканына нааразы (фото)

Turmush -  27 жаштагы жалгыз бой эне Бейшегүл Жыргалбек кызы буту баспаган 5 жаштагы кызына мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилбей жатканына нааразы болууда. Ал учурда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жашайт.

17991166_1881670582091704_5967123898852946864_n

Аймактык кабарчыга өзү билдиргендей, Б.Жыргалбек кызы жогорку билимдүү болгондугуна карабай ар кандай жумуштарда иштеп, күн кечирип келүүдө. Ал Ат-Башыга турмушка чыгып, бирок күйөөсү менен ажырашып кеткен. Учурда Казарманда батирде жашайт. Кызы үчүн айына 4 миң 350 сом жөлөк пул алат. Анын 2 миң сомун батирдин акысына берет.

«Кызым учурда 5 жашта. Сүйлөй албайт, буту баспайт жана отурбайт. Апамдын көзү жакшы көрбөй калган. Жалгыз иним бар эле, баарыбызды ошол бакчу. Ал 2014-жылы каза болуп калган. Иним каза болгондо атам инсульт болуп жыгылып, азыр ошол бойдон ооруканада жатат. Ал эми кызымдын майып арабасы дагы эскирип колдонгонго жараксыз болуп калды. Жардам сурап кайрылсам жергиликтүү бийлик эч кандай көңүл бурбай койду. Мага болгону майып араба, ходунок жана дарылатканга жардам берип коюшса болмок. Атамдын дарылануусуна дагы бир топ каражат кетип жатат», - деди Б.Жыргалбек кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×