Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.04.2017 15:32

Кара-Көлдө волейбол боюнча турнир өткөрүлдү

Turmush -  Кара-Көл шаарында 15-16-апрель күндөрү волейбол боюнча турнир өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Иш-чарага Бишкек, Ош, Кара-Көл шаарларынан, Аскы, Базар-Коргон, Токтогул райондорунан, ошондой эле Казакстандын Шымкент шаарынан келген 8 команда катышты.

Турнирде Бишкектен И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин «Билим» командасы, Ош шаарынын атынан «Ош шаары» жана «Ош бажы», Кара-Көлдөн «Энергетик», «Аксы», Базар-Коргон районунан «Ничке-Сай», Казакстандан «Шымкет» командалары беттешти. Жыйынтыгында 1-орунду «Ош шаары» командасы ээлеп, 35 миң акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орунду «Аксы» командасы ээлеп, 25 миң сом сыйлык алды. 3-орунга «Ош бажы» командасы ээ болуп, 15 миң сом менен сыйланса, 4-орунду алган «Энергетик» командасына 5 миң сом тапшырылды.

«Бул иш-чара быйыл 20-жолу өткөрүлүүдө. Аны уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 80 миң сом бөлүндү», - деди мэриянын дене тарбия жана жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Алымбаев Дөөлөт.

Турнир Тынчтык жана Жыргал Бопошевдердин жаркын элесине арналды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×