Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 17.04.2017 13:48

Ала-Букадагы А.Акпаралиев мектебинде «Кош жылдыз» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы А.Акпаралиев атындагы орто мектебинде Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулган «Кош жылдыз» сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары Д.Бекиева билдирди.

Өзүнүн айтымында, бул сынакка 8-класстан 11-класска чейинки окуучулардын арасынан беш жуп тандалган.

«Бул сынакка Айпери Базаралиева менен Жантур Жамалбеков, Элеонора Кайназарова менен Элдияр Эгембердиев, Алия Кулмурзаева менен Марсел Таалайбеков, Айтурган Жамалбекова менен Нуртилек Нурбек уулу, ошондой эле Акылай Өмүрзакова менен Нурсеит Жоробаев катышты. Алар сынактагы 5 тапшырманы эң мыкты аткарышты. Кош жылдыздардын баары чыгармачылык менен даярданышканын көрсөтүштү. Актёрдук чеберчилиги, бийге болгон жөндөмдүүлүгү эң жакшы болду. Клиптери да жакшы иштелип чыккан. Сынактын жыйынтыгында 1-орунга Акылай Өмүрзакова менен Нурсеит Жоробаев, 2-орунга Элеонора Кайназарова менен Элдияр Эгембердиев, ал эми 3-орунга Айпери Базаралиева менен Жантур Жамалбеков ээ болушту», - деди ал.

Сынактын аягында мектеп директору Кубаныч Токтоназаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бакытбек Акпаралиев, ал эми ата-энелердин атынан Майрам Кайназарова, ошондой эле кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан мугалим Гүлай Абдыллаева сөз сүйлөп, окуучулардын чыгармачылыгына өзгөчө баа беришти. Алар жеңүүчүлөргө мактоо баракчаларын тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×