Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 14.04.2017 17:52

Айыл турмушу: Япониядан окуп келген сузактык агроном 1-жолу курулган электропарникти иштетүүдө (фото)

Turmush -  Сузак районунда биринчи жолу эксперимент катары электр энергиясын пайдалануу менен 2 сотых жерге жашылчалардын үрөнү себилип, көчөт өндүрүлдү. Башкача айтканда, А.Юнусов атындагы үрөнчүлүк чарбада электропарник уюштурулду.

Аталган үрөнчүлүк чарбанын агроному Гафуржанов Шухраттын айтымында, электр энергиясын пайдалануу менен үрөндөн көчөт өндүрүлдү. Алгачкы жолу бул жумушту колго алып жатышкандыктан, 2 сотых жерге эксперимент кылып көрүштү.

«Негизинен помидор, дарбыз, ашкабак, калемпир сыяктуу жашылча-жемиштердин үрөндөрүн эгип көрдүк, 5 күн ичинде көчөт болуп өнүп чыкты. Азыркы тапта көчөттөр 10 сантиметрге көтөрүлүп калды. Бул көчөттөрдү 1,5 гектар жерге отургузууну көздөп жатабыз. Электропарниктин жакшы жери үрөндүн сапатын текшерип алууга чоң мүмкүнчүлүк берет экен. Экинчиден эгилген үрөн бир аптада өнүп чыгат. Үчүнчүдөн чыгым аз жумшалып, электр энергиясына 1000-1500 сом гана төлөйт экенбиз», - дейт агроном.

Ал белгилегендей, быйыл ал Япониядан 25 күн окуп, тажрыйбасын арттырып келген. Алгачкы жолу электр энергиянын жардамында үрөндөн көчөт алып жаткандыктан кооптонушкан. Качан гана көчөт чыкканда электропарник үнөмдүү экенине ишенишкен.

«Үрөн сепкенден кийин 15-20 күндө өнүп чыга баштачу, мында 5 күндө эле өнүп чыкты», - деп кошумчалады ал.

Электропарник Япония каржылаган JICA долбоорунун алкагында курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×