При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Кочкор-Атада «Адеп, ыйман, маданият — билимдүүгө жанган чырак» аттуу иш-чара өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-апрелде ЖАМУнун Кочкор-Ата колледжинде «Адеп, ыйман, маданият — билимдүүгө жанган чырак» аттуу иш-чара болуп өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Э.Маматаев, Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнак жана ЖАМУнун ректору К.Үсөнов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге ыйман, адеп жана маданият тууралуу айтып беришти.

Учурда колледжде 1 миңден ашуун студент билим алууда. Колледж күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө атайын кесиптик, профессионалдык 9 адистиктер боюнча студенттерге билим берет. Окуу жай 1981-жылы өз ишмердүүлүгүн баштап, 2016-жылга чейин 3 миңге жакын адистерди даярдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 506
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×