Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө 8 адам консерваланган козу карындан ууланып, кожейке 3 кызы менен реанимацияга түштү

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында консерваланган козу карындан 8 адам ууланып, 4 адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү.

Таш-Көмүр шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Бекмурат Итибаевдин айтымында, уулангандардын бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, үчөө кошуналары болгон.

«1977-жылы туулган Г.Бейназарова балдары менен үй шартында жасалган консерваланган козу карынды ачып, балдары жана кошуналары менен 7-апрель күнү тамактанышкан экен. Жалпы 8 адам жеген. 9-апрелде түнү үч кызы жана апасы оор абалда ооруканага келишкен, алар жандандыруу бөлүмүндө. Дагы 4 адам күмөндөлүп, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүштү. Аларга ботулизм деген диагноз коюлууда», - деди дарыгер.

Ошондой эле, ал жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 4 адамдын бирөө жакшы болуп калганын, үчөөнүн абалы оор бойдон экенин билдирди.

«Бизде сывороткалар жетиштүү, аларга учурунда бердик. Тилекке каршы кеч кайрылып калышты, жакшы болуп кетет деген үмүттөбүз. 1977-жылы туулган Г.Бейназарова жана 2013-жылы, 2011-жылы туулган кыздары менен кошо жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатышат. 2009-жылы туулган кызы жакшы болуп калды. Керектүү дарылар берилип жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 756
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×