Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 10.04.2017 11:30

Ноокендик кыз кол күрөш боюнча республикалык мелдеште коло медаль утту

Turmush -  Ноокен районунун Ноокен айылынын тургуну Бурул Сулайманова Таласта өткөн кол күрөш боюнча республикалык мелдештен ийгилик менен кайтып келди.

Анын жакындары билдиришкендей, Б.Сулайманова салмагы 80 килограммдан жогору болгон кыз-келиндер арасында 3-орунду ээлеп, коло медаль жана диплом менен сыйланды.

Андан сырткары, ага күзүндө Ысык-Көлдө болуучу кол күрөш боюнча чемпионатка катышуу үчүн жолдомо берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×