При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Маданият—Барпы жолунун Кочкор-Атадагы 300 мерт тилкесин асфальттоо иштери башталды (фото)

Turmush -  Маданият—Барпы жолунун Кочкор-Ата шаарындагы базар жайгашкан тилкесинин 300 метр аралыгына асфальт төшөө иштери башталды, деп билдирди аймактык кабарчы. Ош—Бишкек жолунун 520-чакырымында бир топ жыл мурда төшөлгөн асфальт талкаланып, 300 метр аралыктагы жол таш жолго айланып калган. Базарга келгендер, соода-сатык кылгандар жолдун начардыгынан күн жылыгандан тарта чаң каптаганын айтышып, асфальттоо маселесин көтөрүп келишкен.

«Мындан улам өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өкмөт башчыдан Барпы—Маданият жолун оңдоону эртелетүүнү суранган. Транспорт жана жолдор министри абалды жеринен көрүп кеткен. Сүйлөшүүлөрдүн, кайрылуулардын натыйжасында Барпы—Маданият жолун оңдоо иштеринин алдында Кочкор-Ата шаарындагы базардын тушуна асфальт төшөлүп баштады», - деди өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматов.

Маалым болгондой, Ош—Бишкек жолунун Маданият—Барпы тилкесин №22 жол тейлөө ишканасы тейлейт. Мындан улам аталган ишкана 300 метр жолду асфальттоо жумушун жыл сайын жолдогу чуңкурларды оңдоо үчүн бөлүнүүчү каражаттын эсебинен жасап жатат. Ага 10го жакын техника тартылган. 

Барпы—Маданият жолун асфальттоо иштерин июль айында баштоо күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 489
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×