Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдө Апрель элдик революция күнү белгиленген жок деген экс-мэр Б.Миңбаевдин пикирин азыркы шаар башчы четке какты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-апрелде Таш-Көмүр шаарындагы борбордук аянтта Апрель элдик революция күнү белгиленбегенине шаардын экс-мэри жана Апрель революциясынын баатыры Бекболот Миңбаев нааразы.

Анын айтымында, жыл сайын апрель окуясы эскерилип келген, быйыл белгиленген жок.

«Бүгүн бардык район-шаарларда, борбордо Апрель ыңкылабынын 7 жылдыгы белгиленип, курман болгондорго куран окулуп, эскерилүүдө. Тилекке каршы, биздин шаарда эскерүү иш-чарасы өткөн жок. Мен борбордук аянтка Апрель ыңкылабы эскерилет деген ойдо келгем. Мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин жана коомчулуктун катышуусунда белгиленсе болмок. Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары А.Темирбаева уюштуруу ишин колго алып койсо болмок экен. Экс-мэр катары эмес, Апрель окуясынын катышуучусу катары эскерилбей калганына нааразымын», - дейт Б.Миңбаев.

Апрель революциясынын баатыры жана Таш-Көмүр шаарынан ыңкылапка жалгыз катышкан Б.Миңбаевдин белгилөөсүндө, эртең мененки саат 10дөн түшкү саат 13:00гө чейин борбордук аянтта эч кандай иш-чара өткөн жок.

Ал эми Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өмүржан Бабатаев экс-мэрдин билдирүүсүн четке кагып, бүгүн, 7-апрелде саат 13:30 чамасында борбордук аянтта Апрель элдик революция күнүнө карата иш-чара өткөндүгүн белгиледи.

Ал эми мэриянын маалыматына караганда, эскерүү иш-чарасында шаардын имамы Мураталы ажы Мансуров революцияда курман болгондорго арнап куран окуду. Андан кийин мэриянын алдында шаардык кеңештин депутаттары, төрага А.Жумашев Апрель революциясы элдин эркиндиги үчүн жасалганын айтып, анда курман болгондорду эскеришти.

Мэриядан билдиришкендей, эскерүү иш-чарасы 60-70ке жакын адамдын катышуусунда өттү.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 3-мартында Б.Миңбаев Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1120
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×