При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Тогуз-Тородогу телемунарада иштегендердин үйүнө күндө кечкисин келген түлкү алдыңкы оң бутунан айрылды (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылындагы тоо кырдагы телемунарада иштегендердин үйүнө күндө кечкисин келүүнү адатка айланткан түлкү бир бутунан айрылды. Алиса деп атап алышкан түлкү кечээ, 31-мартта кечинде үйгө улуп, алдыңкы оң буту жок келген. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган мунаранын кызматкери Эрлан Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, ушул кыштан бери адамдарга байырлаган түлкү чочуркабай, үйгө ээн-эркин кирип калган.

«Үйдүн эшигин ачсак бизден коркуп үйгө кире албай турду. Тамакты эшикке чыгарып берсек, ичип алып кетти. Алиса буга чейин жакшы эле болчу. Кечээ тузактагы капканга түшүп калса керек», - деди Э.Асаналиев.

Алиса

Телемунарада иштегендер жашаган үйдүн терезесине 2017-жылдын январь айынын башында түлкү келип такылдата баштаган. Ага алгач терезеден тамак беришкен. Андан 2 күндөн кийин түлкү ачып койгон эшиктен үйгө кирип тамак иче баштаган. Ал жактагылар акылдуу түлкүгө Алиса деген ысым ыйгарып коюшкан.

«Алгач терезеден түлкүгө өзүбүз жеген тамак-аштан берип жүрдүк. Андан кийин үйгө чакырсак кирип келди. Ошондон бери үйгө киргизип тамак бере баштадык. Үйгө киргенден кийин тамак ичет, андан соң сыналгы же ноутбуктагы видеолорду карап отура берет. Бир маалда өзү эле кетип калат», - деди Э.Асаналиев.

Телемунаранын кызматкерлери ошол жерде курулган үйдө жашашат. Алардын айтымында, телемунара жайгашкан тоодо кышкысын абанын түнкү температурасы -30...-32 градус болот. 

Алар түлкүнү эч кимге бербейбиз жана атпайбыз деп чечишкен.

Видео 2017-жылдын январында тартылган:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3214
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×