Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулдук ишкерлер аары багуунун жаңы ыкмаларын, балдын сапатын жакшыртууну үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Токтогул районунда бал аарычылык менен алектенген жеке ишкерлер бал аары багуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүштү. Бул тууралуу «Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бал аарычылар биримдиги» коомдук бирикмесинин төрагасы М.Чолпонкулов билдирди.

Анын айтымында, семинарда бал аарычылыкты өнүктүрүү, сапаттуу түшүм алуу, аары ооруларын алдын алуу, керектүү шаймандарды жаңыртуу менен жумушту жеңилдетүү ыкмаларын үйрөнүү боюнча маселелер каралды.

Мындан сырткары, коомдук бирикмеге мүчөлөрдү кабыл алуу, бири-бири менен байланышты күчөтүп, тажрыйба алмашууну кеңири жайылтуу максатында өз ара макулдашуулар жүргүзүлдү.

«Райондун аймагында бал аары багуу менен алектенген 700гө жакын жеке ишкерлер бар. Алар жыл сайын 500 тонна бал өндүрүп, өз алдынча сатышат. Өндүрүлгөн товарларды сатууда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болууда. Өткөрүлгөн семинар кеңешмеде ушул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштар коюлуп, чечүү жолдору талкууланды. Ушул эле убакта жайыттарды бөлүштүрүүдө жердин тартыштыгы, бал өндүрүүчүлөрдөн жайыт комитети аркылуу талап кылынган төлөмдөрдү жоюу сунушу көтөрүлдү. Башка жактан көчүп келген бал аарычыларга чектөөлөрдү киргизүү да сунушталды.

Мамлекеттик органдар тарабынан жасалма бал өндүрүүчүлөргө чара көрүү сунуштары айтылды. Ошондой эле, балдын сапатын жакшыртуу жана аны башка жактарга сатып өткөрүүдө коомдук бирикменин жардамынан пайдалануу сунуштары кабыл алынды», - деди М.Чолпонкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1261
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×